Москвада Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөгө биринчи иш сапарынын жыйынтыктары ийгиликтүү болгондугун терең канааттануу менен белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинин көп маселелери боюнча пикир алмашышты. Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты.
Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы аракеттенүү маселелерин карап чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер ушул жааттагы тараптардын ортосундагы кызматташтыктын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүүгө багытталган, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюшту.