Жаңылыктар
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, жолдор тайгак болот
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, жолдор тайгак болот

Бүгүн, 26-февралда туруксуз аба ырайы өлкө аймактарында сакталып турат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт жана кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-февралында абанын температурасы абдан төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6…-11° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, 26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.