Жаңылыктар
“Сосновка”, “Арал” постторунда чоң оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө сакталууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Сосновка”, “Арал” постторунда чоң оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө сакталууда

Бүгүн, 26-февралда таңкы саат 06:00дө “Сосновка” жана “Арал” посттору жана Талды-Булак айылындагы постту ачылган, бирок Бишкек-Ош жолунда кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Жайыл районунун “Сосновка”, Токтогул районунун “Арал” постторунда чоң оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө дагы деле сакталып турат.

ӨКМ тарабынан посттордо кезек күтүп жаткан унаалардын айдоочуларына жылынуучу жана тамак-аш берүүчү жайлары уюштурулган. Жайыл районунун Сосновка посттундагы 120 адамга ысык чай, тамак берилген, Токтогул районунун Арал посттунда 154 адамга ысык чай, тамак берилген, ал эми Талас районунун Талды-Булак айылындагы посттунда 50 адамга ысык чай, тамак берилген.