Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “Кылымдарга тете из калтырган залкар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өттү.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “Кылымдарга тете из калтырган залкар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган акциясы өттү.Иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Улуттук тунгуч лексиколог, окумуштуу, профессор К. Карасаев 1901-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал кичине кезинде эле араб алфавитин молдолордон окуп үйрөнсө, 1915-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинен билим алган. Орус тилинен билим алышы анын келечектеги тагдырына чоң таасирин тийгизген. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан оокаттуу адамдардын балдарын окутат. 1924-жылы ноябрда кайрадан өз айылына келип, айыл кеңешине катчы, Кең-Суу айыл ревкому болуп иштеген. Андан кийин Ташкендеги Кыргыз агартуу институтунан (1923-1924) окуйт. Окуп жүргөндө эле ал 1924-жылы алгачкы кыргыз гезити “Эркин-Тоону” чыгаруучулардын катарына кирип, гезиттин орфографиясына жооптуу болгон. Гезиттин редакциясы Бишкекке көчкөндө анын Ташкендеги атайын кабарчысы болуп калган. 1925-1927-жылдары Ташкендеги Орто Азия мамлекеттик университетинин жумушчулар факультетинде окуган кыргыз студентттерине кыргыз тилинен сабак берген.
1928-жылы Ленинграддагы чыгыш институтуна кирип, окуу менен бирге эле, 1929-1931-жылдары кыргыз тилинен сабак берген. 1931-жылы Кыргыз маданий курулуш илим изилдөө институтунда (кийин Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институту болгон) улук илимий кызматкер, Жалал – Абад педтехникумунда (1932-1933-жж.) мугалим болуп иштеген. К. Карасаев 1933-жылы “социал-туран” партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен камалып үч айдан кийин бошотулган. Бирок кызматка алынбай куугунтукта жүргөн. 1936-жылы “Орус-кыргызча сөздүк” түзүү тапшырылып, Москванын четиндеги Одинцово деген кыштакта “сөздүктүн” үстүндө иштей баштаган. Ал 1939-1941-жылдары Москвада СССР Эл Комиссарлар Советинин “Бюллетенинин” редактору, Тил адабият институтунда улук илимий кызматкер (1941-1948) болуп жүргөндө, жалаа менен (1948) партиядан чыгарылык, кызматтан куулган. Кайрадан 1950-жылы партиялуулугу калыбына келтирилип, 1951-1974- жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген.
Профессор К. Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө активдүү катышкан. Чоңдор үчүн “Сабат ачкыч” (1927) аттуу алиппе жазып Э. Арабаев менен бирдикте “Жаңылык” (1928) деген алиппе түзүшкөн. Ошондой эле ал Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири катары И. А. Батманов менен бирге кыргыздын сөздүк жаатындагы тунгуч эмгеги “Орусча - кыргызча сөздүктү” (1938-ж.) түзсө, 1944-жылы “Орусча-кыргызча сөздүктүн” басымдуу бөлүгүн, 1957- жылы чыккан “Орусча- кыргызча сөздүктү” түзүшкөн.
1924-жылдан баштап кыргыз орфографиясы менен алпурушуп , орфографиялык сөздүктү түзүү ишин аткарып келген, илимпоз катары ал терминдердин эле эмес, сөздөрдүн маанилерин чечмелеп берүүдө (“Өздөштүрүлгөн сөздөр”, “Накыл сөздөр”) чоң иш аткарган.
Ал 1993-жылы 2500ден ашуун китебин жана көптөгөн кол жазмаларынын түп нускамаларын Ысык-Көл мамлекеттик университетине белек катары берген. Университетте анын музейи ачылган.
Окумуштуу аалымдын илимге сиңирген эмгеги жогору бааланып, 1992- жылы К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, ошол эле жылы “Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери” деген наам берилген. 1997-жылы 1-даражадагы “Манас” ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.