Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар үчүн “Аялзат” кризистик борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар үчүн “Аялзат” кризистик борбору ачылды

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен балалуу аялдар үчүн “Аялзат” муниципалдык кризистик борбору ачылды. Мекеме 50 орунга ылайыкталган. 

Борбордун кызматкерлери жабыркаган аялдарга психологиялык, юридикалык жана медициналык жардам көрсөтөт. Ошондой эле, керектүү документтерди бүтүрүүгө жардам берип, сот залдарында жана укук коргоо органдарында аларды адистер коштоп жүрүшөт.

Мындан тышкары, эл аралык донорлордун жана эксперттердин колдоосу менен турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча ар кандай программалар ишке ашырылат.Ушундай эле борборду Ош шаарында ачуу жагы да каралууда.