Жаңылыктар
УКМК издөөдө жүргөн А.Шадиевге карата АКШ элчилигине расмий кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК издөөдө жүргөн А.Шадиевге карата АКШ элчилигине расмий кайрылды

Бүгүн, 25-февралда УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны А.А.Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылды.

А.А.Шадиевге карата УКМК тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу, адалдоо) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.