Өткөн жылдын декабрь айында жана үсүбүздөгү жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында аялдарга карата үч тоноо фактысы катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал окуяларда белгисиз эркек балдар аялдарга күч кодонуп, телефондорун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында түнкүсүн аялдарды тоноого шектелип 20 жаштагы Б.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы К.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.