24-февралдан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265 чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарындагы Ийри-Суу тилкесинде, 67-93 чакырымдарында Кара-Гоо ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Урматтуу жүргүнчүлөр! Өлкөбүздүн алыскы унаа жолдорунда кар көчкү коопсуздугу күч алып жаткандыгына байланыштуу, алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз.