Алдыдагы 3 жылда Кыргызстандын мамлекеттик карызы өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата салыштырмалуу көрсөткүчү төмөндөйт. Евразия өнүктүрүү банкы мындай божомолду күтүлгөн экономикалык өсүшкө таянып билдирүүдө. Кыргызстандын мамлекеттик карызы учурда 5 миллиард долларга жакындады. Бул жылдык ички дүң продукциянын 68 пайызына дал келет.