Президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына барды. Анын алкагында стратегиялык өнөктөш өлкөнүн Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.