Жаңылыктар
“Сосновка” постуна оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Сосновка” постуна оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай чечим аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу жол кырсыктарын жана жол тыгынынын алдын алуу максатында кабыл алынды. “Соснавка” стационардык посту күндүзгү саат үчтөн эртең мененки сегизге чейин оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот. Башкармалык айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерин так сактоого чакырат.