Жаңылыктар
Cот аткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Cот аткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү

Жогорку сотто сот аткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү. Анда республиканын бардык аймактарында сот чечимдеринин аткарылышы талкууланды. Былтыр 191 миңден ашык аткаруу документи болгон. 

Бул 2019-жылга салыштырмалуу 98 миңге көп. Учурда ар бир сот аткаруучу бир айда 80ге жакын документти карап чыгып, анын аткарылышын көзөмөлгө алат. Жалпы республика боюнча 57 кызмат бөлүмдө 200дөн ашык сот аткаруучу эмгектенет. Жумуш көп болгондуктан дагы 177 кошумча штаттык орун түзүлгөн. Эми аларга кадрлар тандалып алынса сот аткаруучулардын саны 380ге жетет. 

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, орун басарлары Айнаш Токбаева, Нургүл Асанова жана Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев катышты. Анда аймактардагы сот чечимдеринин аткарылышы, андагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу пикир алышып, ишти жакшыртуу аракеттери талкууланды.