Жаңылыктар
Коронавирус басаңдай элек. Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 24 учур катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирус басаңдай элек. Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 24 учур катталды

Соңку маалыматтарга караганда, акыркы бир күндүн ичинде коронавирустан 59 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Илдеттен сакайгандардын жалпы саны 82 938 же 96,6 %ды түзөт. Ошол эле учурда, коронавирус жуктурган жаңы 24 учур катталды. Тумоого чалдыккандардын көбү борбор калаанын тургундары. Алсак, Бишкектен 12, Чүй, Ош облустарынын 3төн, Нарындан 4 жана Баткенден 2 адам илдет жуктуруп алган. Бүгүнкү күндө үй шартында 309 адам, стационарларда 379 бейтап дарыланууда. 

Алардын 90у оор абалда, 20 бейтап өтө оор деп бааланса, 264 адам орто оордукта, ал эми 5 бейтап канаттандыраарлык абалда. Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө пандемия башталгандан бери КОВИД-19 жуктургандардын жалпы саны 86025ге жетти. Тилекке каршы 1464 адам каза болду.