Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер менен адистер атайын сынактык негизде кызматка алынат. Алардын кесипкөйлүгүнө, адеп-ахлактык сапаттарына өзүнчө талап бар. Бул тууралуу Президенттин “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат” тууралуу жарлыгынын ишке ашуу жолдорун талкуулаган жыйында, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдирди.
9-марттан баштап райондук мамлекеттик администрация башчылары жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүшөт. Комиссиянын курамы Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын өкүлдөрү, эксперттик жана жарандык коомдун мүчөлөрүнөн түзүлгөн. Аттестация үч этап менен өтөт. Алгач кадрлардын ишмердүүлүгү текшерилип, андан соң мыйзамдарды так билгендиги тууралуу билим деңгээлин көрсөтүшөт.
Соңунда комиссия мүчөлөрү менен баарлашып, акыркы кезде мамлекет үчүн маанилүү болгон темалар тууралуу өз ойлору менен бөлүшөт. Натыйжада, кайсы бир кызматкердин өз ордуна татыктуу же татыксыз экендиги комиссиянын чечими аркылуу аныкталат. Жыйынтыгы адилетүү болушу үчүн бардык тандоо этаптарын каалаган жаран Мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайтынан онлайн көрсө болот.