Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2 миң 273 шайлоо тилкелерине илинди.
Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн тизме 10-февралдан баштап tizme.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Ар бир шайлоочу өзүн 27-мартка чейин порталдан же "119" номерине чалып тактай алат. Шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместиктер табылган учурда, ал 27-мартка чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылып, паспорту менен өзүнүн маалыматын тактоо жөнүндө арызга көчүрмөнү кошуп тапшырат. Контролдук тизме 11-мартта, ал эми акыркы тизме 1-апрелде түзүлөт. Боршайкомдун маалыматына ылайык, шайлоочулардын саны 3 млн 304 миң 485 адамды түзөт.
“Жалпы республика боюнча 448 жергиликтүү депутаттын шайлоосу өтөт. Анын ичинен 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештер. Пропарционалдык система аркылуу өткөрүлөт”,- деп билдирди БШКнын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев.