Президент Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, эки өлкө ортосундагы ырааттуу авиакаттамдарды жандандыруу, ошондой эле эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кувейттин алдыдагы Улуттук майрамдары менен куттуктады. Ал 2020-жылдагы пандемия учурунда Кыргызстан элине Кувейттин кайрымдуулук уюмдарынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде эмир Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Кувейтке иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.