Жаңылыктар
Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн өлкөгө жеткирүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн өлкөгө жеткирүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө жеткирүү тартиби жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Жарлык Конституциясынын 65-беренесинин негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн өлкөгө жеткирүү тартибинин механизмдерин иштеп чыгып, финансылык көмөк көрсөтүү өкмөткө сунушталды. Маркумдун жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн ошол өлкөнү эске алуу менен аныктоо керек. 

Ошондой эле аларга төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөлүк мекемелери эсептелет, чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Экономика жана финансы министрлиги өз убагында бөлүүсү кажет.