Сузак районунда 23-февраль күнү саат 16:36 чамасында Таш-Булак айылында “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган 1 эркек киши каза болуп, 1967-жылы туулган 1 аял жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМдин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен, ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.