Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолунун Шаркыратма тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек-Ош унаа жолунун Шаркыратма тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 23-февраль күнү саат 18:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 11200 м3, анын ичинен 4500 м3 кар көчкү унаа жолго түшүп жол жабылган, жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Тазалоо иштерине тартылган куткаруучулардын жана техникалардын жардамында ошол эле күнү саат 21:40да унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.