Жаңылыктар
Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат

Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. 

Анда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуулар жана Евразия чөлкөмүндөгү бирдиктүү интеграциялык мамилелер тууралуу сөз болот. Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мамлекет башчы катары алгачкы жолу Россия Федерациясына иш сапары менен 24-25-февраль күндөрү болот. 

Анда Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володин менен жолугаары пландалган.