Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун жоокер жөө жүрүшкө чыгып, патриоттук ырларды ырдашты
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун жоокер жөө жүрүшкө чыгып, патриоттук ырларды ырдашты

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун жоокер жөө жүрүшкө чыгып, патриоттук ырларды ырдашты. 

Жөө жүрүшкө чыккан №52870 аскер бөлүгүнүн атайын багыттагы "Илбирс" бригадасынын жоокерлери калаанын Ленин көчөсүн басып өтүштү. Салтанаттуу иш-чараны уюштуруунун максаты - өздүк курамдын моралдык духун көтөрүү, өсүп келе жаткан жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоого багытталат.

“Бүгүнкү майрамга карата жөө жүрүшкө чыгып, патриоттук ырларды аткардык. Биздин максат, өздүк курамдын духун көтөрүү, жаштарды мекенчилдикке үндөө”,- деди №52870 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурбек Сыдыкбеков.