Нарын облусу боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2020-жылы өрт же жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан 21 жаранга бир жарым миллион сомго чейин каражат бөлүп берген. Учурда турак жайын камсыздандыргандардын саны өстү. Бүгүнкү күндө уюмдун иши жеңилдетилип, бардык кызмат электрондук тартипте жүргүзүлүүдө.