Жаңылыктар
Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитону туулган күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитону туулган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитону туулган күнү - Япониянын улуттук майрамы менен куттуктады. "Эгемендүүлүктү алган учурдан тартып достук мамиледеги Япония Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп келе жатат. 

Эки элдин жалпы жыргалчылыгына багытталган кыргыз-япон мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилейм. Мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон Япония Өкмөтүнүн Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлорун жогору баалайбыз. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн жардам үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин колдооңуз менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары да өнүгө берет деп ишенем", - деп белгиленет куттуктоодо. Садыр Жапаров Император Нарухитого бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япон элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.