Бүгүнкү күндө өлкөдө 30 миңден ашуун коммерциялык эмес уюмдар бар. Алардын айрымдары көп учурда мамлекеттин саясатына дал келбеген кызыкчылыктарды көздөйт. Буга байланыштуу жаңы баш мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, бардык саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүн айкын жүргүзүшү керек.
"Туура кадам" коомдук бирикмеси 15 жылдан бери жарандарга укуктук жардам көрсөтүп келет. Уюмдун ишмердүүлүгү 2 негизги багыт менен жүргүзүлүүдө. Жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишине тартуу жана ар кандай насыя алууда кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүү. Уюмдун төрагасы Сулайман Үсөнов негизги мыйзамга кирген өзгөрүүнү колдойт. Анын пикиринде, эгер, мындай уюмдар мамлекеттик органдардын айкындуулугун талап кылышса, өздөрү да таза иш алып баруулары кажет. Эгер фонд же бирикме коомго кызмат кылса, жашырчу эч нерсе да болбойт.
Коммерциялык эмес уюмдар көп жылдар бою ачык дагы, тымыз да ички саясий процесстерге кийлигишип келген, - дейт эксперт Алмаз Ибраев. Алар өз кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө аракет кылып келишет. Мындай кызыкчылыктар мамлекеттик саясат менен дал келбеген учурлар кездешет. Саясат таануучулар жогоруда сөз болгон жаңы норманы киргизүү зарыл, себеби аталган уюмдар эч кимдин көзөмөлүндө болгон эмес дейт.
Ал ортодо айрым мамлекеттик эмес уюмдар бул өзгөртүүлөргө каршы. Пикиринде мындай кадам алардын ишмердүүлүгүн басмырлоо менен барабар. Айтымдарында, бир катар бейөкмөт уюмдар жабылып, эл аралык долбоорлор жоюлат.
Ал эми серепчилер башка өлкөлөрдө мындай тажрыйба мурдатан эле болгонун жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук жаралбашын айтат. Мындайда жоопкерчиликсиз уюмдар өздөрү ишмердүүлүгүн токтотот. Бул саясий партияларга да тиешелүү. Маалым болгондой, партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке акчалуу адамдар өтөт. Алардын баары эле кесиптик жактан анча өзгөчөлөнө алышпайт. Ошондуктан капиталдын түптөлүшү дыкат иликтөөнү талап кылат.
Бири майыптарга жардам берсе, экинчиси адам укуктарын коргойт. Албетте, бейөкмөт уюмдар көбүнө жардам берет, бирок мындай уюмдардын аты менен мыйзамсыз бирикмелер да бар. Мамлекеттик уюмдардын айкындуулугун талап кылган уюмдар өздөрү да айкын иш алып барышы керек. Бул аларга болгон ишенимди арттырат. Натыйжада, мамлекеттин коопсуздугуна да кепилдик болот.