Жаңылыктар
Чек арадан өтүүдө сак бол!
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадан өтүүдө сак бол!

22-февралда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө Тажикстанда кармалып турган беш адамдын туугандары кайрылган. Ал чогулгандар менен облус жетекчиси жолугушуп, кармалып тургандардын абалын билүү үчүн укук коргоо органдарынын коштоосунда Тажикстанга барып келүүсүн уюштурду. Маалым болгондой, "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген кине менен 16-февралдан бери Тажикстанда кармалып турган Кыргызстандык жарандарды кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Каламбек Мергенов бир жумадан бери Тажикстанда кармалып калган баласынын ал акыбалы боюнча эч кандай маалымат жоктугуна кабатырланып, облус жетекчисине келди. Айтымында, баласы Лейлек районуна кой сатып алуу үчүн кеткен бойдон үйүнө келбептир. Артынан издеп барып, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалып кеткени боюнча гана маалымат уккан.

Облустук акимчиликке жалпысынан 300дөн ашуун адам чогулду. Алар да өз жакындары кошуна өлкөдө кармалып турганын айтышууда. Арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендери да бар. Базарга барып эле кармалып калгандыктан “бир жумадан бери ден соолугу, тамак-ашы кандай болду” деп кабатырланышууда. 

Чогулгандарды облус башчысы өкүлчүлүктүн жыйындар залында кабыл алып, кармалган кыргыз жарандары боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди. Алардын абалынан кабар алуу үчүн укук коргоо органдарынын коштоосунда жакындары Тажикстанга барып келүүсүн уюштурганын айтты.

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча мындан бир жыл мурда административдик жоопкерчилик каралып, 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул төлөнөт. Ушундай эле мыйзам менен Тажикстанда 300 миң сом айып пул салынат. Кармалгандардын жакындары чек аранын такталбаганынан жана атайын белгилердин коюлбагандыгынан кошуна тарапка өтүп кеткенин айтышууда. 

Бул боюнча да жеринде сүйлөшүү болоорун айткан облус башчысы бул сыяктуу окуялардын кайра кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди. Облустук бийликтин расмий маалыматы боюнча жалпысынан 5 кыргыз жаранына чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген кине коюлган. Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган.
Бүгүнкү күндө Тажикстандын 11 жараны чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү жана аткезчилик боюнча кармалып турат. Жыл башынан бери 7 млн сом айып пул өндүрүлгөнүн облус жетекчиси билдирди. 

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстанга өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлей районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекеттери. Башка аймактан өтүү, мыйзам бузуу болуп эсептелет.