Жаңылыктар
Атам, апам жана мен - мыкты аскер үй-бүлө. Cынактын негиздөөчүсүнүн элесине арналган сынак өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Атам, апам жана мен - мыкты аскер үй-бүлө. Cынактын негиздөөчүсүнүн элесине арналган сынак өттү

Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жазаларды аткаруу кызматынын спорттук борборунда "Атам, апам жана мен - мыкты аскер үй-бүлө" сынагынын негиздөөчүсү Абжалбек Жанаевдин элесине арналган сынак уюштурулду. 

Анда, аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоого үндөө максатында спартакиада өттү. Ага кызматтын бардык бөлүкчөлөрүнөн келген 12 үй-бүлөлүк топ катышты. Мелдештин жүрүшүндө чуркоо, секирүү, топту айлантуу сыяктуу спорттук таймаштар болду. 

Жеңүүчүлөр “Эң мыкты үй-бүлөлүк спорттук команда” наамына арзып, баалуу сыйлыктарга ээ болду. Анын ичинен активдүү катышуучуларынын бири - Рахат Токтоналиевдердин үй-бүлөсү. Алар жыл сайын бул иш-чарага мыкты даярдык менен келишет.