Бир жума ичинде Чүй облусунун аймагында 5 миң 256 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузгандардын 50сү мас абалында болсо, 38 айдоочунун документи жок, 1 миң 528 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкаркан.
Атайын айып унаа токтотуучу жайына 112 унаа токтотулган. Жол сакчылар айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.