Таласта апрель айында 34 айыл аймактык кеңешке жана шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Шаардык кеңешке пропорционалдык, айылдык кеңештерге можаритардык системада шайлоо жүрөт.
Быйылкы талапкерлерге биринчи талап - билими жалпы билимден төмөн болбошу шарт. Мына ушуга окшогон быйылкы жылда өтө турган шайлоолорго болгон жаңы өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү максатында Талас шаарында атайын тренинг болду. Бул иш чараны Борбордук шайлоо комиссиясы Бириккен улуттар уюмунун программасы менен бирге уюштуруп, ага саясий партиялардын Таластагы өкүлдөрү, талапкерлер катышты.
Иш-чарада ошондой эле, буга чейин шайлоо фондун ачпай эле шайлоого катышууга мүмкүнчүлүктөр болуп келсе, эми ал жоюлуп жеке өзүн көрсөткөн талапкерлер шайлоо фондун милдеттүү ачышы керек. Андан тышкары, жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга учурда талапкерлерди каттоо уланып жатат. Алгачкы тизмедегилерде байкалгандай быйылкы шайлоодо аялдардын талапкерлигинин активдүүлүгү күч.