Жаңылыктар
ИИМ: Коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган онлайн кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган онлайн кеңешме өттү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши жана ыкчам кызматтык ишмердигинин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча министрликтин бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.

 Анда өлкөнүн бардык регионунда коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлду. ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду. 

Көчмө кабылдамалардын ишин, элдин суроо талаптарын угуп аны өз убагында чечүү маселелерин күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле ички иштер органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруудагы басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү дагы каралды.