Жаңылыктар
Мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өттү

Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде учурдагы экологиялык жана жогорку даражадагы заманбап техникалык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБтеги мүчөлүк милдеттенмелерди аткаруу багытында мунайдын кайра иштетүү технологияларын тереңдетүү муктаждыгы айтылды.

Катышуучулардын назарына немец технологиясындагы жабдуу колдонулган инвестициялык долбоор сунушталды. Долбоордун демилгечиси, “Темирлан-Ойл” ачык акционердик коомунун башкы директору Мухит Оразбаев Кумкөл мунай кенинин чийки затында негизделген кайра иштетүүчү заводду Талас облусунун “Маймак” эркин экономикалык аймагында жайгаштырууну сунуштады. 

Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундары менен камсыздоого салым кошо турган инвесторлордун укуктарын коргоого мамлекет тарабынан кепилдик берилерин, мыйзам алкагында иштөө ниети бар инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Тараптар мунай өндүрүү технологиясынын деңгээлин көтөрүү боюнча инвестициялык саясатка канааттандырарлык деген баа беришип, инвестициялоо шарттарын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир пикирге келишти.