Жаңылыктар
Кызматташтыктын жаңы барактары. Бүткүл россиялык "Кыргыз конгресси" уюму жаңы конуштуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кызматташтыктын жаңы барактары. Бүткүл россиялык "Кыргыз конгресси" уюму жаңы конуштуу болду

Россиянын элдер үйүндө бүткүл россиялык "Кыргыз конгресси" уюмунун штабы пайда болду. Жаңы жерде иш башталардан мурда, анын мүчөлөрү кыргыз диаспорасынын аксакалдарынын батасын алды. 

Улуулардын көч башында легендарлуу Ороз Мамыралиев, эмгек сиңирген куруучулар, илимпоздор, дипломаттар келип каалоо тилектерин айтып кетишти.

Бүткүл россиялык "Кыргыз конгресси" уюмунун мүчөлөрү жаңы конуштуу болду. Россиянын элдер үйүнө аларга кеңсе бөлмөлөрү берилген. Легендарлуу Ороза ата, төшүндө орден-медалдарын жаркылдатып, көтөрүңкү маанайда, кыргыз диаспорасынын аксакалдары чогулган жыйындар залына кирип келди. 95 жаштагы ардагер пандемияга байланыштуу көптөн бери сыртка чыга элек эле, жолдо келе жатып, чачын кырктырууга да үлгүргөн.