Жаңылыктар
Р.Матраимов эки айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Р.Матраимов эки айга камалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2 айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында 18-февралда кайрадан кармалган. Мындан мурда ал 11-февралда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан коррупцияга шектелип, 260 миң сомго айыпка жыгылган.