Жаңылыктар
Россия ПЧР-тест берет
Кыргызстан жаңылыктары
Россия ПЧР-тест берет

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвада Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугуп, COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң даана ПЧР-тест алуу макулдашылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде жардам катары COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЧР-тест алуу макулдашылды. Ошону менен бирге ушул жылы мобилдүү автономдук лаборатория берүү маселеси чечилди", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Россиянын адистеринин кыргызстандык медиктерди окутуу жагынан да көмөктөшө турганы белгилүү болду.

Россия Кыргызстандын медицина кызматкерлерин эпидемиология, диагностика, актуалдуу болуп жаткан жугуштуу оорулар боюнча окутууга көмөк көрсөтөт. Аны менен катар адистерди коронавирустун "британиялык" жана башка штаммдары боюнча да окутат. Тараптар өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн илимий топторду тартуу менен биргелешкен изилдөө жүргүзүүгө макулдашты.