Жаңылыктар
Коронавирустан алты киши каза тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустан алты киши каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 6 адам каза тапты. Каза болгондордун бешөө Бишкек шаарынан, бирөө Жалал-Абад облусунан. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте – 16, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 5, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 66 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда бул инфекция менен 396 бейтап, амбулатордук түрдө 339 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 756 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.