Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюлду. Андан соң, 714 аскер бөлүгүнүн “ШЕР” аскер кызматкерлери тарабынан даярдалган кол уруш ыкмалары тартууланып, күжүрмөн техника жана курал-жарактын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, Ички иштер министринин жана ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысынын буйругу менен бир топ кызматкерлер менен ардагерлер медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын соңунда, ИИМдин Ички аскерлеринин аскердик оркестринин кызматкерлери жана көркөм чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.