Бишкектин Арча-Бешик конушундагы Чортеков жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен баштап Магистралды бойлой 104 даана арчанын көчөтү отургузулду. Бул борбор калаанын таза экологиясына кам көрүү жана жашылдандырууга салым болот. Мындай демилгени акча алмаштыруу жайларынын кызматкерлери көтөрүп чыгып, ишембиликти Ленин райондук администрациясы менен биргеликте уюштурду. Көчөттөрдү отургузуу иштерине конуштун тургундары көмөктөшүштү. Мындай ишембилик 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.