Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 2021-2022-окуу жылы үчүн 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 19-февралга карата келип түшкөн арыздардын жалпы саны – 7157 болду. Мунун 6350сү Бишкек шаарында, 150сү Ош шаарында, 122си Кара-Балта шаарында, 96сы Токмок шаарында, 272си Кызыл-Кыя шаарында, 167си Жалал-Абад шаарында.
Мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Натыйжада бул ыкма аркылуу борбор калаадагы мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынган. 2020-2021-окуу жылы да уланган.