Бишкекте ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Ага ИИМдин министри баштаган бир топ ардагерлер менен кызматкерлер катышты. Анда кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен так аткарган, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымы үчүн бир топ кызматкерлер түзүмдүк медаль жана төш белги менен сыйланышты. Алар жарандардын укугун коргоп, өлкөнүн бүтүндүгү жана өнүгүүсү үчүн абийири менен кызмат өтөөгө даяр экенин билдиришти. Белгилей кетсек, 2020-жылы Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте тиешелүү ыкчам алдын алуу жана иликтөө иш-чараларын жүргүздү. Алсак, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын таратуу боюнча 467 факты аныктады. Бул боюнча 360 адам кармалып, алардан экстремисттик мүнөздөгү 1924 материал алынды. Ошондой эле, социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 83 сайт жана 33 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 38 сайттын жана 10 аккаунттун ишмердигине соттун чечиминин негизинде бөгөт коюлду. Бул кызмат ИИМдин тутумунда 1991-жылы 20-фералда түзүлгөн.