Жаңылыктар
Илимий-техникалык кеңештин президиумунун чогулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Илимий-техникалык кеңештин президиумунун чогулушу

ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин Президиумунун отуруму болуп өттү. Илимий-техникалык кеңеш 2020-жылы Евразия экономикалык биримдигин интеграциялоонун жана андан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн, ачык талкуу аянтча катары түзүлгөн. Кеңештин Президиумунун курамына ЕЭК министрлери, Биримдик өлкөлөрүнүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана улуттук илимдер академиясынын жетекчилери кирген. Жолугушуунун катышуучулары 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын, бүткүл Союздун экономикасын модернизациялоону камсыз кыла турган инновациялык долбоорлорду илимий жактан колдоо маселелерин, ошондой эле жаштарды жана ЖОЖдорду бул ишке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады .