Жаңылыктар
Кыргызстандык дарыгерлер орусияда тажрыйба арттырат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык дарыгерлер орусияда тажрыйба арттырат

Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери республикага "Спутник V" вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системасындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана Кыргызстандык дарыгерлерлин Орусиядан тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта министр учурда иш сапары менен Москва шаарында экени айтылат. Мындан тышкары, Россия тарап тез курулуучу модулдук клиниканын курулушуна жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөрү белгиленди. Бейшеналиев кесиптешине Россиянын коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.