Жаңылыктар
Саламаттык сактоо мекемелериндеги дары-дармектердин кору жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Саламаттык сактоо мекемелериндеги дары-дармектердин кору жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү керек

Саламаттык сактоо мекемелериндеги дары-дармектердин кору жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү керек. Бул туурасында Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди. Айтымында, учурда абал туруктуу, бирок ар-кандай кырдаалга даяр туруу зарыл. Аймактардын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек. Ар бир райондук ооруканадагы абал көзөмөлдөнүп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң, кошумча инфекциялык бөлүмдөр ачылат. Ошондой эле, Новиков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан даярдалган коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча планды кайрадан иштеп чыгуу жана жаңы клиникалык дарылоо протоколуна ылайык дары-дамектердин тийиштүү запасын камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралуусу зарыл экендигин кошумчалады. Учурда аймактарда кошумча койко-фонддорду ачуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта, планга ылайык, 3500 орун даярдалат, анын 500 ашууну – интенсивдик терапия палатасында, дагы кошумча 3400гө жакын орун ачылат. Кеңешменын жыйынтыгында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үч күндүк мөөнөттө пневмониянын коронавирустук жана башка түрүн дифференциалдуу диагностикалоо боюнча клиникалык жетекчиликти иштеп чыгып, багыттоосун тапшырды. Ошондой эле, облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.