Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылып, 2 бейтап каза тапты. Каза болгондордун бирөө Бишкек шаарынын, дагы бирөө Ысык-Көл облусунун тургуну болгон.
Маалыматка ылайык, вирус Бишкекте – 22, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда - 8, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда - 9 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бишкекте – 40 , Чүй облусунда – 33, Ош облусунда - 11, Нарын облусунда – 7, Жалал - Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 391 бейтап, амбулатордук түрдө 358 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 690 киши айыгып чыкса, 1 миң 452 адам каза болду.