Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинин башчысы курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду. Курулуш бизнесинин өкүлдөрү өздөрү дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Аларга инженердик, электр энергиясы тутумдарына, муздак жана ысык суу менен камсыздоо тармактарына, канализацияга, борбордук жылытуу тутумуна кошулуу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюроктратиялык тоскоолдуктар, жер маселеси, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашуулар сыяктуу маселелер кирет. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш тармагындагы «бирдиктүү терезенин» ишиндеги бюрократиялык тоскоолдуктар байкалат. Мамлекеттик органдар менен өз-ара түшүнүшүү жок, ошол эле учурда республикалык бюджеттин маанилүү бөлүгү бизнестин чегерүүлөрүнөн түзүлөт. Улукбек Марипов белгилегендей, көрсөтүлгөн көйгөйлөр күн тартибинде бир топ мезгилден бери турат.Курулуш тармагы - өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналат. ИДПдагы анын үлүшү 10% түзөт. 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан, 900 миң чарчы метрден ашуун турак жай пайдаланууга берилген. 2020-жылы курулуш тармагындагы инвестициялардын көлөмү 46 млрд сомдон ашуун сумманы түзгөн.