Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипке өттү

Аба ырайынын жылышы менен аймактарда кооптуу табият кырсыктары көп катталып, өрт, суу ташкыны, жер көчкү тоолуу жактарда кар көчкү коркунучу бар. Учурда 4 миңден ашык өзгөчө кооптуу жерлерде министрликтин атайын тобу нөөмөттө турушат. Бул багытта Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков да онлайн жыйын өткөрүп, жаз-жай мезгилдерине карата жаратылыш кырсыктарына жана түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга даяр болууну тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу багытында ишин күчөттү. Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Жер көчкү, сел кырсыктары боло турган тилкелерде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, кооптуу аймактар толук көзөмөлдө.