Жаңылыктар
Чүй облусунда быйылкы айдап-себүү иштерине даярдык кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда быйылкы айдап-себүү иштерине даярдык кызуу жүрүүдө

Чүй облусу боюнча 400 миң гектардан ашык айдоо аянты бар. Анын төрттөн бир бөлүгү кайрак жер болсо, калганына толук бойдон жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүү каралып жатат. Өзгөчө Сары-Өзөн Чүйдүн төмөн жагында быйылкы айдап-себүү иштерине даярдык кызуу жүрүүдө.

Былтыр кыш эрте келгенине карабай Сеит Мустаков жетектеген дыйкан чарба 900 гектарга жакын аянтка күздүк буудай, арпа сээп калууга үлгүргөн. Эми минтип чарбанын калган айдоо аянтына кылкандуу дан эгиндерин жана тоют өсүмдүктөрүн себүүгө даярданып жатат. Алдыда дагы кар жааса үшүк уруп кетпесин деп, азырынча жерди айдоо менен гана алек.

Аба ырайын алдын ала божомолдоп же ай, күн жылнаамага карап айдап сепкенди, бул чарбадагылар жакшы билет. Ал гана эмес, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун алдын алуучу чараларга да маани беришип, эмне эгүү керек деген маселеден дайым кабардар болуп турушат.