Азыркы учурда баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентте талкууланып, талаш жараткан маселелерде орток пикир табуу аракети көрүлүп жатат. Адистердин айтымында, буга чейинки конституцияда парламентке эбегейсиз чоң укуктар берилген, бирок көз карандысыз институт катары өз милдетин аткарууда көп кемчиликтерге жол берилди.
Адистер акыркы он жылда Кыргызстанда социалдык маанидеги жана адам укуктарын коргоо маселелеринде оппозициянын активдүүлүгү анча байкалбаганын белгилешет. Бирок, иштеп жаткан Конституцияда парламенттеги оппозициялык партияларга бюджет жана конституция комитетине төрагалык кылуу расмий түрдө берилген. Бирок, негизги көйгөйлөр чечилген жок. Андыктан парламенттеги оппозиция кагаз үстүндө калган, формалдуу органга айланган.