"Инфоком" мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан "Санарип аймак" платформасына 453 айыл өкмөттүн бардыгы жана райондук, облустук деңгээлдеги 34 шаар кошулду. Азыркы учурда айыл өкмөт жана шаарларда каттоого алынган ар бир түтүндүн чарба китеби бирдиктүү базага киргизилүүдө. Аны менен бирге мамлекеттик органдар ортосундагы документ жүгүртүүнүн орток тутуму, мамлекеттик кызматкерлердин жалпы базасы иштеп жатат.
Аймактарда ар бир айыл өкмөттө ар бир түтүндүн чарба китеби бар. Анда үй-бүлө тургундары, мал-мүлкү бардыгы каттоого алынат. Ачылган чарба китептери колго толтурулуп, ар бир төрт жыл сайын кайрадан жаңыланып ачылып турат.