Кыргызстанда январь айында салык мерчемделгенден 1 миллиард сомго ашык чогулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады. Мындай натыйжа чек арада "Жыйынды пост" долбоорунун ишке ашышы, салык процедураларынын фискалдаштырылышы менен байланыштуу экени белгиленди.
Январь айында жалпы өлкө боюнча салыктын эсебинен 6 миллиард 555 миллион сом чогулду. Бул пландалгандан 1 миллиард 45 миллион сомго көп. Салык кызматы мындай оң натыйжага таасир эткен бир нече жагдайларды атады.
Ноябрь айында премьер-министрдин милдетин аткарып турган Артём Новиков “Чалдовар” чек ара бекетинде болуп, анда видеожабдуулар орнотулбаганын, “Жыйынды пост” долбоорунун ишке ашырылбай жатышын сынга алып, салык кызматына эскертүү берген. “Жыйынды пост” 1-январдан тартып 3 чек ара бекетте иштеп жатат. Салыктын көбүрөөк чогулушуна аталган долбоордун да таасири болгону белгиленди.