Жаңылыктар
Бишкекте 80 жылдан ашык тарыхы бар Кара деңиз флотунун ансамблинин концерти өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 80 жылдан ашык тарыхы бар Кара деңиз флотунун ансамблинин концерти өттү

Бишкекте 80 жылдан ашык тарыхы бар Кара деңиз флотунун ансамблинин концерти өттү. Иш-чара Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде болуп, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган. 

Концерттин жүрүшүндө орус жана чет элдик классика, матростордун, жоокерлердин ырлары жаңырды. Уюштуруучулардын айтымында, 63 артист келген. Алар 25-февралга чейин бир катар концерт өткөрүүнү пландап жатышат. Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли 1932-жылы негизделген. Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндөгү алгачкы чыгармачыл топ катары белгилүү.