Жаңылыктар
Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектептерде ачык сабактар уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектептерде ачык сабактар уюштурулду

Бишкектеги №2 жалпы билим берүүчү мектепте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата ачык сабактар уюштурулду. 

Ага чакырылган ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жаш муунга бул күндүн маанисин түшүндүрүп, мырзалары эрктүү, күчтүү мамлекет гана экономикалык, саясий жактан бекем болорун баяндашты. Ардагерлер мектептин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган музей менен да таанышышты. Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталат.